Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки жылда дарыгерлердин жана орто медициналык кызматкерлердин айлык акысы жогорулаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Орточо эмгек акы быйылкы жылдын 10 айында 42 миң 919 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 19,2 пайызга өстү",- деди өкмөт башчы.
Касымалиев пенсия да көтөрүлгөнүн белгилеп, өлкөдө орточо пенсия 11 миң 224 сом экенин айтты.