Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кийинки жылы Бишкекке 20, Ошко 10, Манас шаарына 6 жаңы мектеп салынарын айтты.
Ал бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, авариялык абалдагы мектептер толук оңдоодон өткөрүлөт. Бирок ал өлкөдө канча авариялык абалдагы мектеп бар экенин тактаган жок.
Касымалиев ошондой эле мектептерде жаралган учурдагы абал көптөн бери топтолуп келген көйгөйлөрдүн жыйындысы экенин белгиледи.
"Анткени инсфраструктура демографиялык өсүшкө даяр эмес болчу. Окуучулардын саны орто эсеп менен 1 миллиондон 1 миллион 536 миңге чейин көбөйдү. Ички миграциянын айынан калк Бишкекке жана башка шаарларга топтолду",- деп кошумчалады ал.