Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электр энергиясына болгон тартыштык убактылуу көрүнүш экенин айтты.
Ал бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкө энергетиканын жаңы баскычына киришип жатканын билдирди.
"Биз керектөө менен өндүрүш көлөмүнүн айырмасын кыскартууга багытталган жолдо бара жатабыз. Былтыр жалпы өндүрүлгөн электр энергиясынын кубаттуулугу 117,8 мегаватка чейин көбөйтүлдү. Жалпы кубаттуулу 48,8 мегаватты түзгөн 8 чакан ГЭС ишке берилди",- деди өкмөт башчы.
Касымалиев кийинки жылы жалпы кубаттуулугу 1113, 04 мегаватт болгон 17 чакан ГЭС куруларын кошумчалады.