Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов жакырчылыктын деңгээли акырындап төмөндөп жатканын билдирди.
Ал жакырчылык 2020-жылдагы пандемиядан кийин курчуп кеткенин белгилеп, жыл сайын 2-3 пайызга төмөндөп жатканын айтты. Байсалов быйылкы жылдын башында өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 25 пайыздын тегерегинде болгонун кошумчалады.