Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өкмөттөн Бишкекте "Тез жардам" кызматынын борборлорун көбөйтүүнү суранды.
Ал "Тез жардам" кызматы чакырууларга кеч барып жатканын белгилеп, буга борборлордун аздыгы себеп деген жүйө келтирди.
"Тилекке каршы, "Тез жардамды" чакырсаң 1 саатта келет. Унаалардын көптүгүнөнбү же алардын жайгашкан жериненби? Айтор, бул маселеге көңүл буруп, "Тез жардам" кызматынын кошумча борборлорун ачуу жана жаңы унааларды алуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырсак",- деди Маматалиев.