Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовдун талапкерлиги каралды.
Эл өкүлдөрүнө талапкерди президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар Досмамбетовдун талапкерлигин колдоп беришти.
Айта кетсек, Досмамбетов 1-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.