
Президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов социалдык тармактарда өлкө башчысы
Садыр Жапаровдун атынан жалган маалыматтар тарап жатканын эскертти.
Айтымында, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун атынан жүргүзүлүп жатат делип, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда.
"Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпайт. Бул кадимки эле алдамчылык.
Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз! Белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер.
Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер",- деп жазды Алагөзов.
Бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы кошумчаланды.