Биз социалдык тармакта

Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиев ээлеген кызматынан бошотулду

Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиевди ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчысынын сунуштамасын президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Жыйынтыгында Бадахшан Рыскулиев Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан