Биз социалдык тармакта

Келерки жылы Эгемендүүлүк майрамы кайсы аймакта өтөрү айтылды

2026-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Талас облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров төртүнчү Элдик курултайда билдирди.

Президент Эгемендүүлүк майрамы жыл сайын өлкөнүн ар кыл аймактарында белгиленип жатканын айтып, муну мамлекеттин бардык аймакка бирдей көңүл буруп жаткандыгы менен байланыштырды.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы Жалал-Абад облусунда белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан