Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда өтүп жаткан төртүнчү Элдик курултайда делегаттарга кайрылып, убакытты максаттуу пайдаланууга чакырды.
Мамлекет башчысы делегаттарды бийликти мактап убакыт коротпоого, бөлүнгөн 3 мүнөттү аймактагы маселелерди айтууга үндөдү.
"Кемчилик болсо, Курултайда ачык айтып, сындагыла",- деди Жапаров.
Айта кетсек, жыйында ар бир делегатка сөз сүйлөөгө 3 мүнөт убакыт берилет. Жыйынга жети дубандан, Бишкек жана Ош шаарларынан жалпы 690 өкүл катышууда.