Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда парламент ар дайым бийликтин бир бутагы болуп келгенин, учурда да ал милдетин аткарып жатканын белгиледи.
“Биздин ыйгарым укуктарыбыз Башмыйзамда кандай көрсөтүлсө, ошону толук аткарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. "Бүгүнкү күндө парламенттин бийлиги чектелген, алсыз болуп калды" деген сөздөргө такыр кошулбайм.
Анткени, парламенттин дагы да болсо, мыйзам чыгаруу жана кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөй турган функциялары бар. Эки мүмкүнчүлүк парламенттин дале күчтүү, дале орду бар экенинен шек санатпайт",- деди ал.