2026-жылдын 1-апрелинен тарта мамлекеттик мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлык маянасы 80 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров 25-декабрдагы Элдик курултайда айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын техникалык жана кенже тейлөө кызматчыларынын айлыгы 50 пайызга чейин жогорулай турганын айткан.
Президент 1-апрелден тарта аталган кызматкерлердин көбөйтүлүүчү эмгек акысына кошумча бир ставкага, 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм караларын белгиледи. Тактап айтканда, маяна орточо 80 пайызга көбөйөт.