Бишкек шаарындагы жол чырактарга үн коштоочу жабдууларды жана жөө адамдар үчүн кошумча жол чырактарды орнотуу уланууда. Муну бүгүн, 21-январда мэриядан билдиришти. Учурда аталган каражаттар шаардын төмөнкү көчөлөрүнүн кесилиштеринде коюлуп жатат: Манас – Бөкөнбаев, Юнусалиев – Сухэ-Батор, Жибек-Жолу – Исанов, Жибек-Жолу – Тоголок Молдо, Фучик – Москва, Панфилов – Бөкөнбаев, 7 көчөнүн кесилишине “Азиз жөө жүрүүчүлөр” жол белгиси орнотулду.
Эскерте кетсек, жол чырактардагы үн коштоочу жабдуулар көзү начар көргөн адамдар үчүн жасалат.