Президент Садыр Жапаров 26-декабрдагы Элдик курултайда делегаттардын Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып, катышпаганына кызыкты.
Президент сурамжылоосун быйылкы жылы аралыктан добуш берүүнү киргизилип, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн шарт түзүлгөнүн, ага карабай шайлоочулардын пассивдүү катышкандыгы менен түшүндүрдү.
Президент шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 70 пайызы катышарын күткөнүн, бирок катышкандар 37 пайызга жакын болгонун белгиледи. Бул мурдагы шайлоого караганда 200 миң адамга көп.