
Президент
Садыр Жапаров 26-декабрда IV Элдик курултайда делегаттардан жакында өткөн парламенттик шайлоого барганын же барбаганын сураган. Анда залда отурган бардык өкүлдөр кол көтөрүп, катышканын
билдиришкен болчу. Жапаров муну БШКдан текшертип аларын эскерткен.
Өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын БШК тактаганын жазды.
"Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы - өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Төртүнчү элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коёюн. Ар бири өздөрү деле билишет",- деп жазды президент.