Биз социалдык тармакта

Бишкекте милиция кызматкерлерине агрессия көрсөткөндөр камалышты

26-декабрга караган түнү саат 2:10 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районунда Токомбаев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузган жарандардын аракеттерин токтотушту. Белгисиз адамдар милиция кызматкерлерине агрессивдүү мамиле жасап, одоно сөздөрдү колдонушкан.

Бул факт Октябрь райондук милициясына катталып, текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында, майда бейбаштык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1991-жылы туулган К.М. жана М.Н. аттуу жарандар кармалды.

Соттун чечими менен алар үч суткага камалышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан