Биз социалдык тармакта

Саламаттык сактоо министрине жаңы орун басар дайындалды

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүгүү боюнча орун басары болуп Темирбек Эркинов дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалыматында жазылат.
Ага ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка 30-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Байсалов Эркиновдун мамлекеттик башкаруу тармагындагы жана долбоорлорду ишке ашыруудагы кесиптик тажрыйбасын белгилеп, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө санариптик трансформациянын маанилүү экенин баса белгиледи.
Ал эми саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жаңы дайындалган орун басардын тажрыйбасы санариптик чечимдерди натыйжалуу киргизүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан