Президент Садыр Жапаров Түркиядан кыргызстандык аскерлерге арналган Байрактар кантип алынып келгенин өзү тууралуу тартылган документалдуу тасмада айтып берди.
Жапаровдун айтымында, 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды катуу таарынтып, анда Эрдоган "Кыргызстанга тарых барагын жапкыла" деп айткан.
"Барып Эрдоган мырзага: “Бир кыргызга таарынып, 7 миллион кыргызды жээрибе, 1 түрк үчүн 70 миллион түрк менен катышпайбыз” деп айтсам туура болобу десем, ал мени кучактап: “Жакшы бала экенсиң, кыргыздарга жаңы тарых барагын ачкыла” деди. Аны жибитип, макул кылдырып анан 1 комплект Байрактарды алып келдик. 60 аскер кызматкерибизди жиберип, 3-6 айда баарын окутуп алдык",- деп эскерди Жапаров.
Байрактар учкучсуз учуучу куралы өлкөнүн Чек ара кызматына 2021-жылдын декабрь айында берилген.