УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик кызматка кызыкпай турганын билдирди. Ал бул тууралуу журналист Айбек Бийбосун уулу тарткан "Президент" даректүү тасмасында айтып берди.
Атайын кызматтын башчысы президент Садыр Жапаров экөөнүн мамлесинин бузулушун каалагандар болуп келгенин жана алар азыр дагы бар экенин айтат. Ташиев бирок алардын андай ойлору ишке ашпай турган үмүт дейт.
"Садыр Нуркожоевичтин бийлигине же президенттигине кызып жаткан жерим жок. Садыр Нуркожоевичтен алып, мен президент болуп алайын деген оюм да жок",- деди ал.