Салык кызматынын сайтында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациялары боюнча маалыматтар жарыяланды.
Анда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 2025-жылы 2 миллион 214 миң 482 сом киреше тапканы көрсөтүлгөн.
Ошондой эле президенттин 2627 чарчы метрлик бизнес борбору, 0,63 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана үйү бакчасы менен бирге 2125 чарчы метр болгон жери бар. Мындан тышкары, 100 миң сомдук унаасы көрсөтүлгөн. Жапаровдун 1 163,5 миллион сомдук мүлктү мыйзамдаштырганы да белгиленген.
Анын жакын туугандары жалпысынан 29 миллион 706 миң 840 сом киреше алышкан. Чыгымдары тууралуу маалымат жок.