Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясында кадрдык дайындоолор болду

Бишкек шаарынын мэриясы калаа башкармалыгында кадрдык дайындоолор болгонун кабарлады.

Маалымдалгандай, мэрияга караштуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору болуп Каныбек Жолчубеков дайындалган. Ал буга чейин Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин директору кызматын аркалаган.

Ал эми Жоомарт Шамканов "Дельфин" аттуу адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин директору болуп бекитилген. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан