Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Болотбек Борбиев жеңил унааларга саатына 110, жүк ташуучу унааларга 90 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштады.
"Азыр эми жолдордун шарттары, унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү 110 менен айдаганга мүмкүнчүлүк берет. Мурда ушундай норма бар болчу. Кийин кырсык көбөйүп кеткендиктен норма ылдыйлап кеткен", - деди ал.