Биз социалдык тармакта

Депутат Калпаев жаңы филармония курууну сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев парламенттин 21-январдагы жыйынында Улуттук филармониянын жаңы имаратын курууну сунуштады.

Айтымында, учурда көптөгөн мамлекеттик иш-чаралар филармонияда өтүп жатат, мындан улам заманбап, эл аралык стандарттарга жооп берген имарат куруу бүгүнкү күндүн талабы.

"Бишкек шаарына жаңы, заманбап, эл аралык деңгээлдеги филармонияны куруунун учуру келди деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күнү көптөгөн саамалыктар, мамлекеттик иш-чаралар филармонияда өтүп келет. Ошол себептен имаратты жаңылай турган убак келди",- деди эл өкүлү.

Калпаев муну менен Кыргыз маданияты жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеничин белгиледи.

Депутат Калпаев филармония курууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан