Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу Бишкекте мектеп жетишсиздиги көйгөйү курч экенин билдирди.
Ал бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу, 2-фаза" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, анда борбор калаага 14 мектеп куруу каралганын айтты.
"Свердлов районунда 35 мектеп болсо, 29 миң 738 окуучуга ылайыкташкан. Бирок учурда 66 миң 747 бала окуп жатат. Биринчи Май районундагы 27 мектеп 20 миң 962 балага ылайыкталган болсо, бүгүнкү күндө 58 миң окуучу окууда. Ленин районунда 36 мектеп боло турган болсо, 30 миң 402 бала гана окушу керек болчу. Учурда 91 миң окуучу окуп жатат. Октябрь районунда 23 миң 21 окуучуга ылайктуу 22 мектепте 44 миң 788 бала окуп жатат",- деди Иманакун уулу.