Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан дипломатиялык корпус үчүн салттуу жылдык кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада алгач министр доклад менен чыгып, өлкөнүн 2025-жылдагы тышкы саясатынын жыйынтыктарын чыгарып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттарды белгиледи. Ошондой эле кабыл алуунун катышуучуларын Жаңы жыл менен куттуктап, конструктивдүү жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, жыйынга Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.