Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардын Буурдинская көчөсүндө жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.
Жыйынтыгында кызыл сызыктан чыгып турган турак жайларга тиешелүү эскертмелерди берүү тапшырмасы коюлду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жол боюндагы жеңил типтеги объекттерди бузуу, ошондой эле Достук көчөсү, 11/1 дарегиндеги объекттин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылды.
"Бул кандай, (ред.: короосу) жолго чейин чыгып кетиптир. Карачы, мына, ач көздүк да. Бир метрден эмне пайда тапты?",- деди мэр.