
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков Бишкек шаарынын Анар-Бак жаңы конушундагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча түшүндүрмө
берди.
Айтымында, аталган конуштагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чечим кабыл алынган.
"Ушуга байланыштуу интернет булактарында кыш чилдеде, адамдар жашап жаткан үйлөр да бузулат экен деген нааразычылык билдирген видеолор жана маалыматтар тарап жатат.
Бул видеолор жана маалыматтар президент Садыр Нургожоевичке жеткен. Президент бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыш мезгили бүткөнгө чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузбоо боюнча тапшырма берди",- деп жазды ал.
Ошондой эле Бишкек мэри Айбек Жунушалиев расмий маалымат таратып, ичинде адамдар жашап жаткан үйлөр бузулбай турганын белгилеген.
Орунбеков адамдарды көчөгө чыгарып, жашап жаткан үйлөрүн бузат экен деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.