Биз социалдык тармакта

Монополияга каршы кызматта мыйзамсыз сый акы берилгени аныкталды

Эсептөө палатасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзгөнүн 23-январда маалымдады.
Аудиттин жыйынтыгында, 2023-жылы материалдык-техникалык базаны чыңдоого 378 миң сом же жалпы чыгымдардын 1,33 пайызы, ал эми 2024-жылы 410 миң сом же 0,81 пайызы гана жушалганы аныкталды. Каражаттын негизги бөлүгү кызматкерлерди сыйлоого жана социалдык төлөмдөргө жумшалган. Айрым кызматкерлерге бир айдын ичинде бир нече жолу сый акы төлөнгөн учурлар болгон.
Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарынын бузулушу да аныкталды. 1,5 миллион сомду эсептен чыгарууда документтерди тариздөө тартиби бузулуп, техникалык экспертиза, утилдештирүү жана сатуу боюнча тастыктоочу актылар жок болгон.
Мындан тышкары, күйүүчү май сатып алууда мыйзам бузулгандыгы аныкталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан