28-январда президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанды башкарып жатканына беш жыл толот. Бул күндү утурлай Грузиянын "Interpressnews" басылмасы "Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылы: негизги экзамен али алдыда" аталышында макаласы жарык көрдү.
Макалада өлкө башчысынын акыркы беш жылда жүргүзгөн саясий ишмердүүлүгү камтылды. Ал 7 бөлүктөн туруп, 2020-жылдагы абал менен 2025-26-жылдардагы өнүгүү багыты салыштырылган.
Мындан тышкары, өлкөнүн башка мамлекеттер менен алакасы, дүйнө лидерлери менен жолугушууларынын жыйынтыгы камтылды. Экономикалык өсүүнүн цифралары камтылган макалада алтын кендер, чек ара маселелери да жазылды.