Биз социалдык тармакта

Депутат улам айтып келген 5-кичи райондогу жолдор оңдолмой болду

Бишкек шаарындагы 5-кичи райондун бир катар ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

Айтымында, эл өкүлү аталган маселе боюнча Бишкек шаарынын мэриясына кайрылган. Калаа бийлиги берген жоопко ылайык, 2026-жылга карата жол куруу объекттеринин долбоордук титулдук тизмесине төмөнкү көчөлөр киргизилген:

Железнов көчөсү - стадиондун түштүк тарабынан №3 мектеп жана №138 бала бакчанын боюн бойлой №30а үйүнүн батыш тарабына чейин;

№28, 29, 30, 30а үйлөрүнүн батыш тарабынан Миррахимов көчөсүнө чейин;

Юнусалиев көчөсүнөн №66, 57, 55, 55a, 56, 56a, 60 үйлөрдүн боюн бойлой №61 үйгө чейин.

Белгилей кетсек, буга чейин Бекешев бир нече жолу парламентте кичи райондогу ички жолдордун бүгүнкү абалы "мышык ыйлагыдай" экенин айтып, өкмөт башчы Адылбек Касымалиевге кайрылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан