Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев студенттик шаарчаларды курууну сунуштады.
Ал бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, иновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында Бишкектеги батир ижарасынын баасы студенттерге оорчулук жаратып жатканын айтты.
"Борбордо ижара акысы 40-50 миң сомдун тегерегинде. Аймактан келип окугандар үчүн өтө эле оор. Көбүнүн шаарда жашай турган үйү жок. Ошондуктан спорт аянтчалары менен студенттик шаарчалар ачылышы керек",- деди эл өкүлү.