Биз социалдык тармакта

№13 округдагы шайлоого 25 талапкер катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 25 талапкер катталды (эркектер – 15, аялдар – 10). Катталган талапкерлер бюджетке 7 миллион сом шайлоо төгүмүн төлөштү.
1-мартка белгиленген №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин 31 жаран билдирген. Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.

Маалымат үчүн: БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан