Биз социалдык тармакта

Депутат Үч-Теректе оорукана курулбай жатканына нааразы (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагына типтүү оорукана куруу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү парламенттин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат аталган аймакка оорукана куруу боюнча 3-4 жылдан бери кайрылып келгенин белгилеп, курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулуна кайрылды.

"Үч-Терек ооруканасы тууралуу 3-4 жылдан бери айтып келем. Эмнеге бул оорукана курулбай жатат?",- деди ал.

Министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу учурда Финансы министрлигинен бул курулушка каражат бөлүнө электигин билдирип, маселени көзөмөлгө ала турганын белгиледи.

"Быйылкы жылы саламаттык сактоо имараттарын курууга басым жасайбыз",- деди орун басар.

Сулайманов кошумчалагандай, аталган аймакта 30 миңден ашык калк жашайт.

Депутат оорукана курулбай жатканын айтты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан