Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу өлкөдө көп курулуштар жүрүп жатканын айтып, мурунку бийликтегилердин учуру менен салыштырды.
"2020-жылга чейин 100 объект эмес, 1 жылда 19 объект бүтсө, ошого сүйүнүп келгенбиз да. Азыр 100дөп бүтүп жатат, анан аларды ачканга жетишпей жатпайбызбы",- деди ал.
Депутат Кундузбек Сулайманов мурункуларды талкуулай берүүдөн алыс болууга чакырды.
"Мурункуларга салыштыруу бул деген мактаныч болбойт. Мурунку иштегендердин баарын кемсинте берүүдөн кайтпайлыбы? Алдыга жылалы. Кайра-кайра эле мурункуларды айта бербейли. Ал маселе менен башка тиешелүү органдар иш алып барышсын",- деди эл өкүлү.