
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы болуп
Максат Жуматаев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме 3-февралда кабарлады.
Тиешелүү документке өкмө башчы Адылбек Касымалиев кол койгон. Жаңы дайындалган жетекчини өздүк курамга ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев тааныштырды.
Буга чейин Жуматаев департаменттин башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары кызматын аркалап келген. Ал 1994-жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп келет.