Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков парламент жыйынында Бишкек шаарындагы жол тыгынын чечүү боюнча Министрлер кабинетине сунуш айтты. Ал борбор менен чектешкен аймактарда электропоезд каттамын ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.
"Бишкек шаары менен чектеш болгон аймактарда, мисалы, Бишкектен Кара-Балтага чейин же Кеминден Балыкчыга же Бишкекке чейин заманбап электропоезддерди жүргүзсөк кааладагы унаа тыгындары азайып, абанын булгануусу дагы бир топ төмөндөйт эле. Эң негизгиси электропоезддер элибиз үчүн коопсуз, арзан, ыңгайлуу транспорт", - деди ал.
Депутат учурда Кант, Шопоков шаарларынан Бишкекке поезд каттамдары жүрүп жатканын эске салды.