Биз социалдык тармакта

Ташиев Барпы айылынын имамына үй салып берди 

Бүгүн, 4-февралда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевге жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу "Регион" телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кожоев 17 жылдан бери айылда имам кызматын аркалап келет. Ал каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнөн улам баштаган турак жай курулушун аягына чыгара албай келген.

Айыл тургундарынын кайрылуусунан кийин маселе УКМК төрагасынын жеке көзөмөлүнө алынып, үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө айыл аксакалдары көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан