Бүгүн, 4-февралда президент Садыр Жапаров АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Серджио Гор жана америкалык бизнес өкүлдөрү менен “Ынтымак Ордодо” жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысы Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу ал Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга өзгөчө маани берерин айтты.
“Кыргызстан бардык бизнесмендер жана инвесторлор үчүн ачык. Инвесторлорду кайсы өлкөдөн келгенине карай бөлбөйбүз. Бардык бизнеске, анын ичинде кыргыз бизнесине, бирдей тең мамиле кылабыз жана мамлекет катары алардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, - деди президент.