Азат Салмурбек уулу Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, маалыматта мэрдин кызматтан кеткен себеби айтылган эмес. Ал кызматка 2025-жылы 15-октябрда дайындалган. Ага чейинки мэр Мирлан Жекшенов УКМК тарабынан жемкорлукка айыпталып кармалган.