Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлерине көчө кыдырууну сунуштады.
"Тамаш-ашка болгон баалардын өсүшү, негизи эле кымбатчылык боюнча булар мэрлер, акимдерге окшоп көчө кыдырып жүрүшү керек. Жанына блогерлерди ээрчитип алышабы, эмне кылышат, айтор, дүкөндөн-дүкөнгө, базардан-базарга кыдырышса натыйжа болот да. Анткени ошол жердеги сатуучулар "жумуш болуп жатыптыр" деп, токтоп калышат",- деди эл өкүлү.