Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-февралдагы жыйынында курулуш министри Нурдан Орунтаев кыргызстандыктарга кайрылып, батир сатып алууда кылдат мамиле кылууга чакырды.
"Ишенбеген, тийиштүү документтери, финансылык каражаттары жок курулуш компаниялардын объекттеринен, өзгөчө котловандан батирлерди сатып албаңыздар",- деди министр.
Орунтаев буга "Эмаком" курулуш компаниясын мисал келтирип, учурда аталган компания "банкротто" экенин белгиледи.
"Алардын Бишкек жана Ош шаарларындагы объекттери көйгөй жаратып келет. Жарымы бүтүп, эксплуатацияга бериле электери бар",- деди ал.
Министр бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.