Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Токмоктогу мал базар жабыларга чейин эскертүү берилгенин айтты.
Ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында талапка жооп бербеген бардык мал базарлар жабыларын билдирди.
"Биз акча каражаттарын сунуштадык. "Жабылат" деп 1 жыл мөөнөт бердик. Бирок эч нерсе жасабай койду. Мына, Жаңы жылда жаап салдык. Кыргызстан боюнча талапка жооп бербеген 48 мал базар бар. Ошонун баарын жабабыз",- деди министр.
Төрөбаев талапка жооп бере турган мал базар ачууну пландаган жергиликтүү бийликтерге колдоо болорун кошумчалады.