Бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Нурматов көчөсүндө кезектеги таңкы рейдин өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө мэр Нурматов көчөсүндө унаа кыймылынын тыгыны байма-бай катталып жатканын белгилеп, аталган көчөдөгү көпүрө аймагында жолду кошумча бир тилкеге кеңейтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.