Президент Садыр Жапаров энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабировго катуу сөгүш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда президенттик администрациядан кабарлашты.
Азырынча бул жазанынын себеби айтыла элек.
Эскерте кетсек, өлкө башчысы кечээ, 10-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган бир катар кызмат адамдарын иштен кетирип, жаңы дайындоолор орун алды.