Биз социалдык тармакта

Күзөт кызматынын жаңы төрагасы Ташиевдин коопсуздугу боюнча билдирүү таратты

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун коргоо улантыларын билдирди. Анын пикирин бүгүн, 11-февралда атайын кызматтын маалымат борбору жарыялады.

“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат”,- деди Бердикожоев.

Бүгүн президент Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагалыгына Сыргак Бердикожоевди дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан