Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Марлен Маматалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кактус медиа басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, альтернативдүү талапкер болбойт.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетүү ниетин билдирип, парламенттин 12-февралдагы жыйынында кайрылуу жасаган.