Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт", "Мекенчил" жана "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобу да Марлен Маматалиевди парламенттин төрагалыгына көрсөттү.
Парламентте 5 депутаттык топ бар. Ал эми буга чейин "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топтору төрагалыкка Маматалиевди сунуштаган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн кызматын тапшырды.