
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Тургунбек уулуна тебетей жана чапан кийгизип, аны төрагалык кызматтан сый-урмат менен узатышты.
Ал өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын тапшырып, парламенттин жаңы спикери болуп Марлен Маматалиев шайланды. Нурланбек Тургунбек уулу төраганын ордун жаңы шайланган жетекчиге өткөрүп берди.
Мындан ары ал Жогорку Кеңештин депутаты катары ишин улантат.