
Жума күнү, 13-февралда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу менен келет.
Бишкек шаарында Кыргыз-Тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өтөт. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкектеги айрым инфраструктуралык ишканаларга барууну пландап жатышат.