Биз социалдык тармакта

Өлкө башчысы парламент төрагасынын кызматтан кетишинин болжолдуу себебин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун өз каалоосу менен кызматтан кетиши 75 адамдын катына байланыштуубу? Бул суроого президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип жатып жооп берди.

"Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр",- деди өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кечээ кызматын тапшырды. Анын ордуна Марлен Маматалиев шайланып келди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан